7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент эртең өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

565

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында эртең, 13-июнда, Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышат.

Жыйын УТРКнын түз эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып баруу саат 10:00дө башталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

566