7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаары Акжол Махмудовду 2 бөлмөлүү батир, 100 миң сом менен сыйлады

771
Ош шаарында Эгемендүүлүк 30 жылдыгына арналган гала-концерттин алкагында шаар башчысы Алмаз Мамбетов Олимпиада оюндарына токтолуп, ар бир спортчуга ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, майрамдык иш-чаранын коногу, Токио-2020 оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудовго 100 миң сом  2 бөлмөлүү батирдин сертификаты ыйгарылды.
Ал эми анын тренерлерине 50 миңден 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.
Иш-чаранын алкагында спорттун өнүгүшүнө салым кошуп, Акжол Махмудов сыяктуу спортчуларды машыктырган машыктыруучуларга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы тапшырылган.
Эске салсак, Олимпиаданын күмүш байге ээси Акжол Махмудов Ош шаарындагы салтанаттын ардактуу коногу катары чакырылган. Күндүзү аны аэропорттон салтанаттуу тосуп алуу аземи өткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

772