Анда медициналык беткаптар, респираторлор, коргоочу костюмдар, инфракызыл термометрлер бар. Жардамды Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов кабыл алып, Кытай тараптан келген өкүлүдөргө ыраазычылык билдирген.
Кечээ, 9 -августта Ошко достук мамиледеги Кытай Эл Республикасынын Цинхай провинциясынын Синин шаарынан медициналык каражаттар менен гуманитардык жардам келип түштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Гуманитардык жүк Ош шаарындагы жаңы типтеги COVID-19дун таралышын алдын алуу максатында шаардын мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларына бөлүштүрүлөт.