7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарына жаңы 100 даана автобус келди

504

Ош шаарына жаңы 100 даана автобус жана жол оңдоочу техникалар келди. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты.

Нооруз майрамынын алкагында жаңы келген автобустар менен жол ондоо үчүн алынган атайын техникалар расмий тапшырылды.

Алынып келген техникалар жана автобустарды Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев, “СамАвто” заводунун өкүлдөрү шаар тургундары менен биргеликте көрүп чыгышты.

Белгилей кетсек, жаңы автобустар Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан лизинг аркылуу алынган. Автобуста жалпы 25 олтургуч болуп, сыйымдуулугу 55-60 жүргүнчүгө ылайыкталган. Жакынкы убакыттарда шаар ичиндеги төрт багыт боюнча каттамга чыгарылат.

Муну менен катар жол эрежесин бузган жана айып пулун төлөбөй жүргөн же издөөдөгү унааларды аныктоочу беш даана кызматтык авто унаа берилди.

Ал эми атайын техникалар Ош шаарынын жолдоруна жаңыдан асфальт төшөө жана оңдоо үчүн алынды.

505