Ош шаарынын Кеңеш айылында “ЭКО Азык” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулган соода-логистикалык борбор бүгүн Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда расмий ишке киргизилди.
Ишканынын жылдык кубаттуулугу 2 миң тоннаны түзүп, 200дөн ашык жаңы туруктуу жумуш орду түзүлөт. Жаңы логистикалык борбордун ишке кириши жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга, айыл чарба продукцияларын сактоо жана сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле Ош шаарынын соода-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.
Эске салсак, бүгүн КР Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Президент Садыр Жапаровдун аралыктан катышуусунда 60 өнөр жай обьектиси ачылды.



