7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында архитекторлор камакка алынды

12

Ош шаарынын архитектура кызматкерлери шаар куруу жаатындагы системалуу мыйзам бузуулар үчүн Ош шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары жана Ош шаарынын архитектура боюнча адиси кармалышты. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Долбоордук-сметалык документтерди даярдоодо долбоорлоочу уюмдар жана курулуш компаниялары курула турган объектилер боюнча, тагыраагы жашоочуларды унаа токтотуучу жайлар менен камсыз кылуу боюнча туура эмес маалыматтарды атайылап киргизип, анын негизинде Ош шаарынын архитектура кызматкерлери турак жай комплекстерин куруу долбоорлорун бекитишкен.

Материалдык пайда алуу максатын көздөп, курулуш компаниялары коммерциялык имараттарды курушкан, деген менен алар жашоочуларга жетиштүү унаа токтотуучу жайларды камсыз кылууга милдеттүү болушкан. Өз кезегинде, Ош шаарынын архитектура кызматкерлери, кызматтык мүнөздөмөлөрүнө ылайык, шаардык инфраструктуранын өнүгүүсүн жана шаар тургундарынын ыңгайлуу жашоо шарттарын камсыз кылууну талап кылышат, иш жүзүндө курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен алдын ала келишим түзүшкөн.

 

13