7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги өндүрүш базасы жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

283

Бишкек шаарында ири жер тилкеси жана өндүрүш базасы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирет.

Сөз Т. Фрунзе көчөсү, 1А дарегинде жайгашкан 0,64 гектар аянттагы өндүрүштүк база тууралуу болуп жатат. Текшерүү маалында бул объект мамлекеттик мүлк болгонуна карабай, жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп кеткендиги аныкталган. Тарыхына кайрылсак, 1988-жылы “Кыргызкурулуш” акционердик коомунун турак жай кеңсесинин базасында “Айбол” ЖЧКсы түзүлүп, менчиктештирүү процессинде ага жер тилкеси бар өндүрүш базасы берилген. Бирок маанилүү шарт бар эле: компания турак үйлөрдү тейлөө багытын сактоого милдеттенген. Ишмердүүлүктү өзгөртүүгө же мүлктү сатууга негиздөөчүлөрдүн жалпы макулдугусуз тыюу салынган. Ошого карабастан, 2010-жылдан кийин коммуналдык иштер кыскарып, база коммерциялык максатта колдонула баштаган.

Ишкананы көзөмөлдөө ошол учурда өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген КР жараны Д.Б.га өткөнү белгилүү болгон. Ал бул башкарууну өзүнүн апасы Р.З. аркылуу жүргүзгөн — ал “Айбол” ЖЧКсынын директору болуп дайындалган. Ал келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өндүрүш базасын, цехтерди, кампаларды жана 0,64 гектар жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген.

Эми бул жер тилкелери көз карандысыз эксперттер тарабынан бааланып, андан соң Бишкек шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилет.

284