Ош шаарында балдарга арналган инфекциялык оорукана ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ооруканын ачылышына министр Алымкадыр Бейшеналиев жана Ош шаарынын мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Ошондой эле оорукана баардык керектүү аппараттар жана жаңы компьютердик диагностикалар менен жабдылды. Бейтапкана 100 балага ылайыкташтырылган.