Маалыматка ылайык, мелдеш спорт чеберлери ага-инилер Ахмет жана Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган.

Иш-чарага вице-мэр Жасур Азимов катышып, бул турнир Ош шаарында жыл сайын өтүүчү ири спорттук иш-чаралардын бири экенин белгиледи.

Белгиленгендей, эки күндүк мелдешке жалпысынан Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын булуң бурчунан 300 спортчу катышууда. Алар 14 салмактык категорияда күч сынашат. Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын спорт комитети тарабынан баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат.