25-ноябрда Ош шаарынын «Тешик-Таш» базарынын айланасынан «Тазалык» ишканасынын кызматкеринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов бул маалыматты четке каккан эмес.
Маркумдун жакындары эч кимге доосу жок экенин айтып, сөөгүн алып кетишкенин билдирген.
«Ушундай окуя болуптур. Алдын ала маалыматтарга караганда ал мас абалда болгон окшойт. Ал иштен чыгып келе жатып, буту тайып кетип, кудукка түшүп кеткенби, башы менен жерге каттуу тийиптир. Туугандары «эч кимге арыз дообуз жок» деп айтышты», — деди Исмаилов.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакаловдун айтымында, бул факты боюнча иликтөө жүрүп жатат.