7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөргө айып пулдар салынууда

301

Ош шаарынын аймагында бүгүн, 4-февралдан тартып «Жөө жүргүнчү» аталышындагы түшүндүрүү иш-чарасы өтүп, жол эрежелерин бузгандарга айып пулдар салынууда. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
» Соңку учурларда шаар тургундары атайын жолдон өтүүчү жол сызыгы белгиленген жайлардан өтпөй, жолду ар кайсы жеринен кесип өтүп, айдоочуларга тоскоолдук кылып, жол кырсыктарына себепчи болуп калууда. Мындан улам жол тескөөчүлөр жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин өткөрүп жатышат. Иш-чара 3 күнгө созулат. Эгер жөө жүргүнчү жол эрежесин бузуп, жолду туура эмес жерден кесип өтсө бузуулар кодексинин 125-беренеси менен жоопко тартылып, 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынат,»-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, таң эртеден бери 20 жөө жүргүнчүгө айып пулдар салынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

302