7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарынын борбордук стадиону жаңыланууда

374

Ош шаарынын борбордук стадионунун кирүүчү бөлүгүндөгү жана каналдын жээгиндеги баш-аламан курулуштар мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен бузулуп, айланасы заманбап талаптарга ылайык оңдоп-түзөлөт.

Буга чейин стадиондун кире бериш аймагы ар кандай курулуштар менен тосулуп, терс көрүнүштөрдү пайда кылып келген. Эми бул аймак тазаланып, шаардыктар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана эстетикалык чөйрө түзөт.

Эл аралык деңгээлдеги футболдук беттештерди өткөрүү үчүн, стадион тиешелүү талаптарга жооп бере турган абалга келтирилет.

Бул жаңылануу — спортту өнүктүрүү, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөйт. Эскиз долбоор Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

375