7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарынын мэри кызматтык унааларды электромобилдерге өткөрүүдө

249

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаар казынасын үнөмдөө жана экологиялык жактан зыянсыз унааларга өтүүнү демилгелеп шаардык мэриянын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматтык унааларын электромбилдерге өткөрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн жаңы алты электромобиль унаалары шаардык кеңеш төрагасына жана мэрдин орун басарларына, аппарат жетекчиге тапшырылды.

Алсак Ош шаарынын мэриясынын автогаражындагы унаалар ай сайын 3 тоннага жакын күйүүчү май коротуп, сатып алууга эле жылына 3 млн сомдон ашык каражат кетет. Андыктан бюджетти үнөмдөө менен электромобилдерге өтүү максаттуу жана экологиялык жактан да пайдалуу болуп саналат.

250