7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов добуш берди

582

 

Бүгүн, 11-апрель күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жарандык милдетин аткарып, Ош шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн №5555 шайлоо участкасында добушун берди.

Шаар башчысы референдум менен жергиликтүү шайлоого жарандарды активдүү катышып жаткандыгын белгилеп, ар бир жаран, ар бир шайлоочу өзү каалаган партияга добуш берип, шайлоонун жыйынтыгы элге, шаарга пайдалуу болсун деп кошумчалаган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров билдирди.

“Президентибиздин жарлыгы чыкканда эле жергиликтүү бийлик шайлоо өткөрүүгө даярдана баштаганбыз. Үгүт иштеринде бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Бүгүнкү күндө бардык шайлоо участкаларында коопсуздук, санитардык талаптар сакталган. Тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат. Генераторлор менен 78 участка 100 пайыз камсыз болду.

Интернет байланышы менен толук камсыз болгон. Өзүңүздөр көрүп тургандай, 78 шайлоо участканын кире бериштерине атайын дезинфекциялоочу килемчелер салынып, шайлоочулардын социалдык аралыгын сактоо үчүн жерге ленталар чапталды. Шаардык шайлоо комиссиясы аркылуу шайлоочуларга жетиштүү санда бет кап, кол каптар жана антисептиктер менен камсыз кылынды.

Шайлоочуларды кайдыгер карабай жүрөккө жакын, шаардын, мамлекеттин келечегине, өсүп, өнүгүшүнө салым кошот деген талапкерлери бар партияга добуш берип, жарандык милдетин аткарууга чакырам”, — деди Сарыбашов.

Ош шаары боюнча жалпысынан 78 шайлоо участкасында 151 миңден ашуун шайлоочу бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

583