7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарынын мэриясы жаңы техникалар менен толукталды

419

Ош шаарынын мэриясы жаңы техникалар менен толукталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, күн мурун борбордук аянтта Business House Kg курулуш компаниясы тарабынан алып бкрилген техникалар мэриянын балансына өткөрүлүп берилди.

Анын ичинде төмөнкү үлгүдөгү техникалар бар:

— Faw Tiger VN суу ташуучу унаа;
— Faw Tiger VN таштанды жүктөөчү унаа;
— Sany SY155W Жеркелгич (экскаватор);
— Iveco Hongyan Genion жүк түшүрүүчү унаа;
— Isuzu Sav HD50 үлгүсүндөгү 3 автобус.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышып, аталган курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, жаңы автобусту өзү сынап көрдү.

Көрсөтүлгөн атайын техникалар “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына, ал эми автобустар болсо, Жапалак, Жибек Жолу жана Алымбек-Датка муниципалдык айылдык аймактык башкармалыктарына берилди.

Белгилей кетсек, автобустар аталган аймактардагы окуучуларды билим берүү мекемелерине акысыз жеткирүү үчүн пайдаланылат.

420