Мектеп окуучусунун денесине оор залал келтирген деп шектелген жаран кармалды.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына А.Д. аттуу жаран Бишкек шаарынын №72-орто мектебинин 9-классынын окуучусуна карата чара көрүү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. 2025-жылдын 21-январында мектептин дааратканасында жатып, 2010-жылы туулган А. А. уулу денесине залал келтирип, анын кесепетинен эс-учун жоготуп, Улуттук кардиология борборуна жаткырылып, 2025-жылдын 4-февралында ооруканада каза болгон.
А. Д. аттуу жарандын арызы Ленин райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын жылдын 7-февралында каттоого алынган жана тергөөгө чейинки текшерүү материалына тиркелген.
Андан соң кылмыш иши Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан өндүрүшкө кабыл алынган. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында бул окуяга кармалган шектенүүнүн 8-класстын окуучуларынан системалуу түрдө акча талап кылуусу себеп болгону аныкталган. Анын натыйжасында Т.И. А.А.ны уруп, анын кесепетинен эс-учун жоготуп, ооруканага жаткырылып, ооруканадан каза болгон.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» жана «Опузалап талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына 2009-жылы туулган Т.И., КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Эске салсак, кармалган жаран баңги затын колдонгону тууралуу маалымат тастыкталган эмес, анткени бардык керектүү экспертизалар жүргүзүлүп, жыйынтыгында колдонуунун издери табылган эмес.
Учурда тергөө иштери уланууда.