Автоээнбаштык менен унаасын жарнамалаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды.
Социалдык тармактарда “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү авто унаасын жарнамалоо максатында чоң жолдо автожарыш уюштуруп, автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.
Бул факты боюнча Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери аталган авто унааны таап, айдоочусуна карата 15 миң айып салуу менен унаасын айып короо жайына токтотушту.
Урматтуу жарандар эгерде көчөлөрдөн мына ушунда жол эреже бузуу фактыларын көрсөңүз 0777 102-102 ЖКККББнын ишеним ватсап номуруна жөнөтүп койсоңуз болот.
https://www.instagram.com/reel/DGGG4rwsZMl/?igsh=bXBkd2h1emJjMGg2