11-декабрга карата коронавирус дагы 68 адамдан аныкталып, 57 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, бир суткада 2 бейтап каза болду.
- Бишкек шаарында – 29,
 - Ош шаарында – 1,
 - Чүй облусунда – 15,
 - Ош облусунда – 6,
 - Талас облусунда – 1,
 - Нарын облусунда – 1,
 - Ысык-Көл облусунда – 6,
 - Жалал-Абад облусунда – 6,
 - Баткен облусунда – 3 адамдан илдет жаңы табылган.
 
Пандемия башталгандан бери 183 миң 931 адам коронавирус жуктуруп, алардын ичинен 178 миң 962 киши айыгып чыкса, 2 миң 768 адам каза болду.



