Ошто 18 жаштагы жигит дарыканадан 90 миң сом карактап кеткен.
Маалыматка ылайык, окуя 13-октябрда саат 23:00дордо болгон. Милиция шектүүнү эртеси күнү эле кармаган. Ал 18 жаштагы М.Р. аттуу жаран. Шектүү эч жерде окубайт жана иштебейт. Шаардык сот аны 2 айга камакка алган
Видеодон көрүнүп тургандай, ал дарыканада иштеген кызды тапанча менен коркутуп, кассадагы акчаны берүүсүн талап кылган. Бирок кыз коркпой кылмышкер менен кайым айтышып акчаны берген эмес, андан соң жаран кассадагы акчаны өзү алган.
Шектүүнүн колундагы курал травматикалык тапанча болгон.