7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 2 шектүү ири суммадагы АКШ долларын жасап, сатып жүрүшкөн

670

Жасалма акча сатууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-мартында Кара-Суу райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районун аймагында “К” аттуу жаран ири суммадагы жасалма АКШ доллар акчаларын сактап, жана сатууну көздөп жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча текшерүү иштеринин натыйжасында, Ош областынын Алай районун тургуну 36 жаштагы Н. Т.,аттуу жаран кармалган. Анын жанынан шек саналган 50 даана 100 АКШ доллар купюралары болгон. Бул кылмышка катыштыгы бар дагы бир шектүү Жалал-Абад областынын тургуну А.Б. аттуу жаран кармалып, анын курткасынын чөнтөгүнөн жасалмага шек саналган 7 даана 100 АКШ доллары купюралары табылып алынган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Жалпысынан 57 даана шек саналган АКШ доллар купюраларын сатууга аракет кылган шектүүлөргө Кылмыш-Жаза Кодексинин 233-беренесинде боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Шектүүлөр жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

671