7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында «Ак калпак» инсталляциясы ачылды

816

Бүгүн, ак калпак күнүнө карата Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында “Ак калпак” инсталляциясынын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов катышты.

Бийиктиги 4 метр болгон инсталляция үч бурчтуу түз призма болуп, анын бардык тарабында Ош шаарынын бренди коюлуп, үстүнө улуттук баш кийим – ак калпак орнотулган. Андан соң Ак калпак күнүнө карата иш-чаралардын алкагында шаардын борбордук көчөлөрүндө массалык жөө жүрүш өттү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

817