7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 2 жашар баланын ичинен 17 даана магниттик оюнчук алып чыгышты

333

Ошто 2 жашар баланын ичинен 17 даана магниттик оюнчук алып чыгышты. Бул тууралуу Ош областтар аралык балдар клиникасынын ооруканасы билдирди.

Маалым болгондой, ооруканага 2 жашар бейтап магниттик оюнчуктун 17 даанасын жутуп алган абалда кайрылган. Бейтап 3 күн аралыгында улам-улам кусуп жаткандыгына байланыштуу райондук ооруканага кайрылып, рентген текшерүүнүн жыйынтыгында ичегилерде бир нече тизилген бөтөн зат аныкталып, биздин мекемеге жөнөтүлгөн.

“ООАБКОнун тажрыйбалуу хирургдарынын бригадасы бейтапка шашылыш операция жасашты жана жутулган 17 даана магниттер ичегилерден толук алынган. Учурда бейтаптын абалы туруктуу, тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлүп жатат”, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетүүчү жагдай: магниттик оюнчуктар балдар үчүн өтө кооптуу. Бир нече магнит жутулганда алар ичеги-карын ичинде бири-бирине тартылып, оор кесепеттерге, операциялык кийлигишүүгө чейин алып келиши мүмкүн.

 

334