Ошто 3 балалуу келин мууздалып өлтүрүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Окуя 2-апрель күнү болгон. 2000-жылы туулган жарандын жансыз денеси Ак-Буура дарыясынын жээгинен табылган.
«Кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган жолдошу кармалган. Ал жубайын башка бир эркектен кызганып, артынан аңдыган. Дарыя жээкте отурган жеринде бычак менен мойну тарабына сайып, жардам бербей кеткен. Аял жеринен каза болгон»- деп айтылат маалыматта.
Шектүү жолдошу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Экөөнүн ортосунда үч баласы бар.