7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 30дан ашык күрөөкана жабылды

178

Финансылык көзөмөл кызматынын Түштүк аймактык башкармалыгы жана салык кызматы менен биргеликте Ош шаарында жана Ош облусунда иш алып барган күрөөканаларын текшерип жатат. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Текшерүү маалында айрым күрөөканалар элден мыйзамда каралгандан ашык пайыз алып келгени аныкталды. Мындай мыйзам бузгандарга айып пул салынып, жоопкерчилик каралууда.

Жыйынтыгында 30дан ашык күрөөкана жабылды!

Алардын иши убактылуу токтотулуп, учурда кошумча текшерүүлөр жүрүп жатат.

«Мындан тышкары, элди кыйын абалга салып, оор шарттар менен акча берип, күрөөдөгү мүлктү өз пайдасына өткөрүп алган сүткорлорду аныктоо иштери да күчөтүлдү.
Элдин акчасын мыйзамсыз пайдаланып байыгандар жооп берет!»-, деп жазылат маалыматта.

179