Ошто киши өлтүрүүгө шектелип 31 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү 29 жаштагы бир тууган инисине бир нече ирет бычак сайып жиберген.
«Кылмыш бүгүн саат 6.00 чамасында болгон. Бычактан жаракат алган 29 жаштагы эркек киши оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы көп кан жоготкондуктан ооруканда жан берди», — деп берилет маалыматта.