7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 4, Ысык-Көлдө 1 орун бош. Судьяларга сынак жарыяланды

156

Кыргыз Республикасынын Юстиция иштери боюнча кеңеши бир катар райондук жана шаардык соттордо судьялык бош кызмат орундарына сынактык тандоону ачты. Бул тууралуу Юстиция иштери боюнча кеңештен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык сотуна эки, Араван жана Өзгөн райондук сотторунда бирден орун бар.

Кошумчалай кетсек, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотуна судья керек.

Арыз жана документтерди тапшыруу процесси 3-октябрда башталып, 2025-жылдын 20-октябрына чейин уланат.

Талапкерлер төмөнкү мыйзам талаптарына жооп бериши керек:

  • Кыргызстандын жараны,
  • 30 жаштан 65 жашка чейинки куракта;
  • юридикалык билими жана беш жылдан кем эмес юридикалык тажрыйбасы болушу керек.

Талапкерлер ошондой эле мамлекеттик тилди В1 деңгээлинде билерин көрсөтүп, документтердин толук пакетин, анын ичинде соттолбогондугу тууралуу маалымкаттарды, медициналык корутундуну жана 2024-жылга салык декларациясын тапшырышы керек.

157