7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 5 жаштагы кыздын бетине кайчы сайылып калган

750

Ошто 5 жаштагы кыздын бетине кайчы сайылып калган. Бул тууралуу Ош облустук балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооруканага 9-март күнү Кара-Суу районунун тургундары А.К. аттуу кызын алып келишкен жана ал дароо кулак-тамак мурун бөлүмүнө жаткырылып, операция жасалган.

“Кичинекей кыз үйүндө столдун үстүнөн жыгылып түшкөн учурда колунда кайчы болгон. Кайчы оң жак жүзүнө 6-7 см сайылып калган. Мурдунун оң жак тешигин тешип өтүп, көз асты аркылуу баш сөөктүн негизинде жайгашкан көңдөйчөнүн сөөгүнө сайылып токтогон. Баланын бактысына ошол жерде жайгашкан чоң артерияларга тийген эмес, андай учурда баланын өмүрүнө кескин түрдө залал келмек. Азыркы учурда бейтаптын абалы жакшы, ооруканадан үйгө чыгууга даярдык көрүлүүдө. Мындай татаал операцияны кулак-тамак мурун бөлүмүнүн бөлүм башчысы Умутбек Дурусбекович жасаган”- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

751