Чүйдө 16 жаштагы кыз «Хонда-СРВ» унаасы менен кырсыкка кабылып, унаадагы 17 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу 7-каналга Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 11-март күнү саат 16:30 чамасында болгон. 2006-жылы туулган кыз Бишкек — Ала-Арча жолунун 13-чакырымында бара жатып рулга ээ боло албай, тоголонуп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 2006-жылы туулган айдоочу жана 3 жүргүнчү Бишкек шаарынын 4-ооруканасына жаткырылган. Ал эми, 17 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерден каза болуп калган.