Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрир» эл аралык террористик уюмунун экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргызстандын жарандары 1967-жылы туулган А.А.Т., 1977-жылы туулган А.Т.К., 1978-жылы туулган Т.А.А., Р., 1979-жылы туулган Ю.Р.М. жана 2000-жылы туулган Х.Ш.Ш. аттуу Ноокен районунун тургундары экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышкан.
Бул адамдар экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып келишкен. Аталган жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.
Учурда профилактикалык иш-чаралар улантылууда.