7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто эжеси инисине бычак сайып өлтүрдү

641

Ошто 9 жаштагы окуучуну эжеси бычак сайып өлтүрдү. Бул тууралуу 7-каналга Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Мааламытка ылайык, 2023-жылдын 17-декабрь күнү болжол менен саат 17:30 чамасында шаардык ооруканадан милицияга маалымат келип түшкөн. Анда 2014-жылы туулган өспүрүм көкүрөгүнүн оң тарабынан миздүү нерседен жаракат алып, өзүнүн апасы каза болгон абалда ооруканага алып келгендигин билдирген.

Аталган жайга Ош ШИИБнын ыкчам тергөө тобу чыгып, тиешелүү иш-кагаздарды чогулткан. Окуя болгон жерге барган учурда, далил буюм катары ашкана бычагы алынып, ал ишке тиешеси бар делип, окуучунун 2005-жылы туулган эжеси аныкталган.

“Сурак жүргүзүлгөн учурда өзүнүн эжеси ашканадагы бычакты алып, иниси жаткан бөлмөгө кирип, көкүрөк тушуна сайып салгандыгын билдирген. Каза болгон окуучунун эжеси кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 19-декабрь күнү Ош шаардык соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган. Социалдык тармактарда балага бычак сайган кыз психикалык жактан жабыркайт экен деген маалыматты тактоо үчүн, атайын эспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгынан кийин кошумча маалымат берилет. Бүгүнкү күндө иликтөө амалдары жүрүп жатат. Окуя жазык кодексинин 122-беренеси менен катталып, тиешелүү кагаздар чогултулду”,-деп айтылат маалыматта.

 

 

 

642