Ош шаарында 1-класстын окуучусун унаанын айдоочусу өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу 7-каналга Ош ШИИБден билдиришти.
Окуя 19-сентябрда Масалиев көчөсүндөгү Шарипов атындагы мектептин жанынан болгон. 2016-жылкы бала мектептен чыгып, жолдун аркы бетинде турган ата-энесине бара жаткан. Бала жөө өтмөктөн өтүп жатканда «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен.
«Окуучу бала тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген, бирок ооруканага келгенде бала каза болгон. Мерседес үлгүсүндөгү унааны 1992-жылы туулган жаран башкарган»,- деп берилет милициянын маалыматында.