7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Борбордук аянтта чек араны коргоп каза болгондорго куран окутулууда

653

Бүгүн, ушул учурда Ош шаарынын борбордук аянттында массалык ифтар уюштурулуп жатат. Соңунда Баткен жана Лейлек райондорунда мамлекеттик чек араны коргоп, курман болгон мекендештерге куран окулат.

Ага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдылла ажы Сарыбаев, Бишкектен Абдышүкүр ажы Нарматов катышат.

Иш чараны Ош шаарынын автивисттери тарабынан уюштурулган. Алар социалдык сеттер аркылуу шаар тургундарын массалык куран тушүрүүгө активдуу катышып берүүгө чакырууда.

«Баткенде Ата-Мекенди коргоп курман болгон бир туугандарыбыз үчүн бир нече күндөн бери, колдон келишинче жардам чогултуп, жибердик. Абал турукташкан соң эми куран окутууну туура көрдүк. Борбордук аянтка уюштургандыгыбыздын себеби, эл көбүрөөк катышса, сообу тийсе деген ниет. Дистанциялык аралыкты сактап, жайнамаз, суу, курма менен камсыздайбыз.  Куран окулгандан кийин келген мусулман бир туугандарга ооз ачыруу шаар ичиндеги 20дай кафе, чайканаларда уланат«, дейт активит Нурмухаммед Аташбаев.

Белгилей кетүүчү нерсе, ооз ачыруу ыктыярчы балдардын жеке эсебинен уюштурулган. Ал эми Баткенге жардам иретинде топтолуп жаткан жардам башка, бир күн алдын жиберилгенин эскертишет.

«2,3 кундөн бери жардам чогултуп жүргөн балдар чогулуп ашар жолу менен өткөрүп жатабыз. Шаар ичиндеги ар кайсы кафе, чайканаларга бирден экиден болуп биригип аш заказ кылынды ооз ачырууга. Баса, белгилеп айткыбыз келет, Баткенге чогулган каражатка бул иш чаранын такыр тиешеси жок, аны өзүнчө топтоп кетиргенбиз«, -деди иш чаранын уюштуруу тобунун мүчөсү Ислам Ахмедов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

654