7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто алгачкы жолу “Таэквон-до ITF” боюнча кыргызстандын кубогу өтүүдө (фоторепортаж)

561

Бүгүн, 4-мартта Ош шаарында 5-17 жаштагы спортчулар арасында “Таэквон-до ITF” боюнча Кыргызстандын Кубогунун ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Турнирдин ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, “Таэквон-до ITF” федерациясынын президенти Юрий Тэн, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү катышты.

Турнирге өлкөнүн 7 облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 400гө жакын спортчулар катышууда.

Мелдештин максаты – дене тарбия жана спортту кеңири жайылтуу, Кыргызстанда спорттун ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү, мыкты таэквондочуларды аныктоо жана Кыргыз Республикасынын курама командасын түзүү.

Турнирдин жеңүүчүлөрү быйыл Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өтө турган таэквон-до боюнча Борбордук Азиянын биринчи чемпионатына жолдомо алышат.

Белгилей кетсек, бул Кубок Ош шаарында биринчи жолу өтүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

562