7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто “Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы старт алды

1018

Бүгүн, Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында алгачкы ирет «Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Фестивалдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, жалпы бий өнөр ээлерин салтанаттуу куттукташты.

Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өттү.

Белгилей кетсек бий фестивалына Индиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Кыргызстандын таланттары катышууда. Иш-чара 19-августка чейин уланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1019