7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто бизнесмен досунун формасына «жамынып» жол эрежесин бузган

25

Социалдык тармактарда алдыңкы орундугунда прокурордун формасы илинген BMW X5 унаасы туура эмес жерге токтотулганы тартылган видео тараган.

Текшерүүнүн натыйжасында бул автоунаа 1990-жылы туулган Кыргызстандын жараны Акылбек уулу Ильгизге катталгандыгы аныкталып, ага КРнын Административдик-процесстик кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган мыйзамдуулукту жана укук тартибин бузгандыгы үчүн 2025-жылдын 8-октябрында протокол түзүлүп, айып салынган.

Мындан тышкары, унаадан табылган форма Ош облустук прокуратурасынын Укуктук статистика жана эсепке алуу бөлүмүнүн кызматкери Момунов Тынчтык Абдикалиловичке таандык. Ал форманы өзүнүн таанышы И.Акылбек уулуна кийим тигүүчү цехке тууралоо үчүн тапшырган. И.Акылбек уулунун түшүндүрмөсү боюнча, ал форманы тийиштүү абалда өткөрүп берүү үчүн унаасынын отургучуна илип койгон.

Алынган маалыматтар боюнча, И.Акылбек уулу жеке ишкер, Россия Федерациясынын аймагында Электроника сатуу менен алектенет, ошондой эле Ош облусунун аймагында жарнама кызматын көрсөтөт. Учурда миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн РФдан депортацияга байланыштуу Кыргызстанда жүрөт.

Бул факт боюнча КР прокуратурасынын ИИБи тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, тийиштүү кызматкер менен форманы үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол бербөө жөнүндө алдын алуу сүйлөшүүсү жүргүзүлүп, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

26