7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчы-Бишкек каттамындагы поездге таш ыргыткан өспүрүмдөр кармалды

338

Балыкчы-Бишкек каттамындагы поездге таш ыргыткандардын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-октябрда саат 22:20 чамасында Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагында белгисиз адамдар Балыкчы-Бишкек каттамы менен бара жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин бир нече вагондорун таш бараңга алышкан.

Бул факты каттого алынып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280 (Бейбаштык) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2011-жылы туулган И.Р., 2011-жылы туулган Б.Н., 2011-жылы туулган А.Я. жана 2012-жылы туулган Б.Б. атту өспүрүмдөр аныкталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, Анын жыйынтыгы менен өспүрүмдөрдүн аракеттерине укуктук баа берилип, мыйзам чегинде процессуалдык чечим кабыл алынат.

339