30-август, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы жана белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин 80 жылдык юбилейлик мааракеси белгиленет. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, иш чара Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында, 30-август, саат 16:00до болот.
Анда “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын 50 жылдыгы, Шамшиевдин башкы каарманына айланган Айтурган Темированын 50 жылдык мааракеси да эскерилет.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Кыргыз киносунун керемети” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү болуп, Айтурган Темированын кино сүйүүчүлөрү менен жолугушуусу уюштурулат.