7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто борбордук стадиондун ичине курулган эс алуучу жайдын ачылышы болду

185

Кечээ, 15-декабрь Ош шаарынын А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунун кире бериш бөлүгүнө курулган чакан эс алуучу жай пайдаланууга берилди. Ачылышына мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жашоочулар катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стадиондун батыш тарабында буга чейин ар кандай тейлөөчү жайлар иш жүргүзүп келген.

Шаар мэринин тапшырмасынын негизинде бул курулуштар алынып, ордуна заманбап талаптарга жооп берген эс алуу сквери курулду. Жасалган бул иштер толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.

Ошондой эле борбордук стадионго ФИФАнын талаптарына жооп берген гибриддик футбол талаасы курулуп, чуркоочу аянтчага заманбап резина каптама төшөлдү. Негизги курулуш иштери толук аяктап, бүгүн расмий түрдө пайдаланууга берилди. Жаңылануу иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

186