Ошто мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын аймагында кылмыш жасап, ал жактан изин жашыруу максатында Кыргызстан аймагына мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Кытайдын жараны 44 жаштагы Чж.Д. кармалган.
Бул чет өлкөлүк жаран Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн. Кытайдын жараны КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул факты боюнча иликтөө иштерин Ош ОИИБдин тергөө кызматы жүргүзүүдө.