7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто дүкөндөн 32 телефонду уурдап кеткен шектүү кармалды

587

Ош шаарындагы контейнер-дүкөндүн эшигин бузуп кирип, бир нече жаӊы уюлдук телефондорду уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 13-ноябрь күнү милицияга аталган дүкөндүн ээси арыз менен кайрылган. Анда, ал түнкүсүн белгисиз жарандар анын контейнер-дүкөнүнүн кулпусун бузуп киришип, ар түрдүү үлгүдөгү кымбат баалуу бир нече телефондорун уурдап кеткендигин билдирген.

Арыз Сулайман тоо милиция бөлүмүнө катталып, шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш аракеттер башталган. Натыйжада кылмышка шектүү катары Ош областынын Кара-Кулжа айылынын 1993-жылы туулган тургуну Т.М. кармалган. Жалпысынан уурдалган 32 телефондун 22си өз үйүнөн, калган 10 телефон сатыкка койгон жеринен алынган. Шектүү уурулук жасагандан соӊ изин жашырып айылына кеткен. Андан соӊ, бир нече күндөн кийин Ош шаарына келип, уурдалган телефондордон он телефонду башка дүкөнгө сатыкка коюп койгон.

Шектүүлөр Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

588