7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент ЖЕЭКтин кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзү

381

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) Төрагасы, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-декабрда Бишкекте өтүп жаткан ЖЕЭКтин кеңейтилген курамдагы жыйынын ачып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө  төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Урматтуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү!

Урматтуу Абдулла Нигматович,

Урматтуу Сергей Николаевич!

Урматтуу жыйын катышуучулары!

Меймандос кыргыз жергесинде сиздерге кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан салам айтам.  Асман тиреген тоолордун мекени болгон Ала-Тоодо боордош мамлекеттердин лидерлери менен көрүшүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз.

Кыргыз Республикасына кош келипсиздер!

Кымбаттуу достор,

Баарынан мурда Жогорку экономикалык кеңештин жыйынына катышканыңыздар үчүн жана Биримдикке Кыргызстандын төрагалык кылуусунун алкагында жыл башынан бери ар тараптуу колдооңуздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем.

Бүгүн биз Евразия мейкиндигиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн дагы бир ирет чогулуп олтурабыз. Жолугушуубуздун кыргыз жергесинде бетме-бет форматында өтүп жатканы мени эки эсе кубандырат.

Биз Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин бүгүнкү жыйынтыктоочу отурумунда узап бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, Биримдиктин мындан аркы өнүгүүсүнүн стратегиялык маанилүү маселелерин талкуулап жатабыз.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердеги кырдаал макроэкономикалык жактан салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт.

Макроэкономикалык туруктуулукка жетишүүгө экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу менен мүмкүн болду.

Экономикабыздын өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуу, ыкчам өнүгүүгө жетишүүнүн жаңы чаралары менен механизмдерин аныктоо боюнча биргелешкен ишибизди улантышыбыз зарыл.

Урматтуу кесиптештер!

Биримдикке кирген өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешип координациялаган чаралардын натыйжасында быйылкы жазда биз азык-түлүк тартыштыгынын алдын алдык.

Жалпы каржылык туруктуулукту кармап калуу үчүн мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода жүргүзүүдө улуттук валюталардагы эсептешүүлөрдү арттыруу боюнча биргелешип көрүлгөн чаралар маанилүү кадам болуп калды.

Маселен, Кыргыз Республикасынын Биримдикке кирген өлкөлөр менен өз ара соода жүргүзүүсү үстүбүздөгү жылдын үч кварталында отуз пайызга өскөн, ал эми Биримдикке кирген өлкөлөргө экспорт кырк пайыздан жогору болгон.

Бул багыттагы ырааттуу аракеттер өз ара эсептешүүлөрдүн 75 пайыздан ашыгын улуттук валюталарга которууга өбөлгө болуп, ошондой эле Россиянын валюталык соода аянтчаларына чыгууну камсыз кылды.

Келечекте бул биздин валюталык портфелибизди диверсификациялоого эле өбөлгө болбостон, импорттук инфляциянын басымын азайтат деп эсептейбиз.

Мындан тышкары, жакынкы келечекте артыкчылыктуу кооперациялык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн институционалдык механизмин иштеп чыгуу жана аларды Биримдиктин бүткүл аймагынын картасына бир кылка түшүрүү зарыл.

Кызматташтык менен интеграциясын мындай багыттарын өнүктүрүүдө Евразиялык кайра камсыздандыруу уюмун түзүү чечими олуттуу салым болду.

Биздин өлкөлөрдүн ишкерлери бул түзүмдүн ишинин башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатат десем жаңылышпайм.

Жыл ичинде соода-экономикалык жана финансылык туруксуздуктун шартында мүчө-мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, бажы-тарифтик жөнгө салуу, ички рынок жана кооперация, каржы жана валюта рыноктору, эл аралык экономикалык кызматташтык чөйрөлөрүндө бизнести колдоого багытталган элүүдөн ашуун чараларды жана чечимдерди кабыл алдык.

Ошондой эле ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу атаандаштык чөйрөнү калыптандырууга, Биримдиктин алкагында товарлардын жалпы биржа рыногунун, кичи жана орто бизнестин потенциалын ачууга, Биримдикке мүчө-мамлекеттерде референттик лабораториялардын тутумун түзүүгө, Биримдиктин санариптик долбоорлорун ишке ашырууда „регулятордук бирдиктүү чөйрөнү“ колдонууга, региондор аралык соода-экономикалык кызматташтыкты жана экспортту өнүктүрүүнү жандандырууга көмөк боло турган сунуштамалар даярдалды.

Урматтуу кесиптештер!

Биздин Биримдик үчүн үстүбүздөгү жыл эл аралык мүнөздөгү окуяларга абдан бай болду.

Ушул жылдын май айында биз Биринчи Евразиялык экономикалык форумду ийгиликтүү өткөрдүк. Ага эл аралык өнүктүрүү институттарынын, эл аралык уюмдардын, жыйырма бештен ашуун өнөктөш өлкөлөрдүн бизнес өкүлдөрүнөн эки миңден ашуун адам катышты.

Үстүбүздөгү жылдын август айында Ысык-Көлдүн жээгинде КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн „Келечек“ деп аталган биринчи жаштар форуму өткөрүлдү.

Бул форум Евразия экономикалык биримдигине, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана 15тен ашуун өнөктөш-мамлекеттердин жаш ишкерлери, мамлекеттик кызматкерлери, дипломаттары жана студенттери болуп эки жүздөн ашуун делегаттын башын бириктирди.

Жаштар форуму Евразиялык интеграциянын идеологиясын жайылтууга, келечекте Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди илгерилетүүнүн локомотиви катары кызмат кыла турган Биримдиктин максаттарын концептуалдык түрдө жаш муундун аң-сезимине жеткирүүгө жакшы негиз болуп берди.

ЕАЭБ биздин өлкөлөрдүн ортосундагы гуманитардык байланыштарды чыңдоодо көп иштерди жасай алат деп ишенем. Биздин элди жалпы тарых, маданият жана баалуулуктар тыгыз байланыштырып турат.

Менимче, бул маанилүү чөйрөдөгү потенциалды ачууга убакыт келди.

Урматтуу мамлекет башчылары!

Бул жылы биз Евразиялык экономикалык биримдиктин эл аралык жолун жигердүү өнүктүрүүнү жана эзелки өнөктөштөрүбүз менен соода алакаларды кеңейтүүнү уланттык.

Иран Ислам Республикасы менен эркин соода аймагын түзүүгө алпара турган Протокол күчүнө кирди.

Индонезия Республикасы менен эркин соода аймагы тууралуу макулдашуу түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр  башталды.

Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо демилгеси колдоого алынды.

Биздин Биримдиктин ишмердүүлүгүнө кызыгуунун географиясы кеңейип жатканы мени абдан кубандырат. Мен муну ЕАЭБди дүйнөлүк экономикалык түзүмдө динамикалуу өнүгүп жаткан уюм катары таануунун айкын көрсөткүчү катары баалайм.

Каржы-экономикалык концентрациянын глобалдык уюлунун Азияга өтүү шартында биз дал ушул аймакка артыкчылыктуу көңүл бурууну улантышыбыз керек.

Бүгүн 2023-жылга эл аралык ишмердүүлүктүн негизги багыттарын беките тургандыгыбыз кубандырат, анда келерки жылдагы Биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен ишке ашуучу артыкчылыктары чагылдырылган.

Урматтуу кесиптештер!

Биздин Биримдиктин күн тартиби кеңири жана азыркы замандын реалдуулугуна толук жооп берет.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында күн тартибинде турган климаттык маселелердин алкагында Биримдикке мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы боюнча иш-чаралардын Биринчи топтому кабыл алынган. Бул Жол картасын ишке ашыруунун алкагында Климаттык технологиялар жана санариптик демилгелер банкын түзүү, ошондой эле аз көмүртектүү технологиялар чөйрөсүндө улуттук, мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Мындан тышкары, Биримдиктин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизмин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү чечими кабыл алынды.

Учурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон товарлар үчүн гана эмес, өз ара соода жүргүзүүдө ташылган товарлар үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча долбоордун тестирлөө иштери аяктап жатат жана пилоттук долбоор катары ишке киргизүү пландаштырылууда.

Мындай инструменттерди жана механизмдерди колдонуу Биримдикке кирген өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын өз ара жана тышкы соодадагы мыйзамсыз соода жүгүртүү маселелери боюнча тынчсыздануусун жок кылат деп ишенем.

Кызмат көрсөтүү рыногун либералдаштыруу боюнча чоң иштерди белгилеп кетким келет.

Кызмат көрсөтүүлөр рыногун либералдаштыруунун үстүндө иш алпарууда бизнес үчүн негизсиз лицензиялоо жана уруксат берүү талаптарын кыскартуу боюнча иштешибиз керек.

Урматтуу Жогорку экономикалык кеңештин мүчөлөрү!

Биримдиктин бардык органдарынын, анын ичинде 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун жогорку деңгээлин өзүнчө белгилегим келет.

Быйылкы жылдын башында төрагалык кылуунун алкагындагы кайрылуумда белгиленген көптөгөн артыкчылыктар менен демилгелер жакшы башталды, келечекте дагы ийгиликтүү уланат деп үмүт артам.

Евразиялык интеграцияга берилгендигибиз,  элибиздин жашоо-шартын жеңилдетүүгө болгон жалпы умтулуубуз менен товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын тоскоолдуксуз кыймылын жана адамдардын эркин катташын камсыз кылууда жаңы бийиктиктерге жетебиз деп ишенем.

Комиссияга жана мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнө Биримдиктин күн тартибинин кеңири чөйрөсү боюнча жөнгө салынган, бир максатка багытталган ыраатуу иши үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылган жылдын соңунда төрагалык кылууну кабыл алып жаткан Россия Федерациясына интеграцияны өнүктүрүү, дүйнө экономикасында Евразиялык экономикалык биримдиктин ишин илгерилетүү боюнча жооптуу миссиясына ийгиликтерди каалайм.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, боордош Россия тарапка келерки жылы Биримдикке төрагалык кылуу ишмердигинин ийгиликтүү болушун каалайм, мындай жооптуу ишмердик үчүн кыргыз тараптын ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирем.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!»,-деди өлкө башчысы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

382