7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто добуш сатып алуу фактысы аныкталды

517

Кара-Суу районунда добуш сатып алуу фактысын аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүчү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагында жарандар шайлоочулардын добушун сатып алууга аракеттенип жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат алышкан.

Бул маалымат Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергѳө аракеттерин жүргүзүү үчүн КРнын Жазык кодексинин 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) негизинде сотко чейинки ѳндүрүш иши башталган.

Ыкчам-тергѳѳ аракеттеринин жүрүшүндѳ 2021-жылдын 27-ноябрь күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну 23 жаштагы Т.Ж., 24 миң акчаны 24 жаранга 1000 сомдон таркаткандыгы аныкталган. Аталган жаран тергѳѳгѳ алынып келинген. Тергѳѳ учурунда белгилүү болгондой бул жаранга «Н» аттуу таанышы 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган КРнын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү Социал демократиялык партиясынын №5 тизмедеги талапкердин пайдасына шайлап койгула деп он күн мурда 100 миң сом акча таштап кеткендиги белгилүү болду.

Ошондой эле ал акчанын 24 миңин жакын туугандарына таркатып, 76 миң сомун “Н” ысымдуу таанышына 2021-жылдын 25-ноябрында кайтарып берип, акча алган шайлоо күнү добуш бере турган 24 адамдын тизмесин жана паспорт кѳчүрмѳлѳрүн кошуп бергендиги аныкталган.

Акча таркатылган жарандар тергѳѳгѳ камсыздалып алар ыктыярдуу түрдѳ алган акчаларын тергѳѳгѳ ѳткѳрүп беришти. Топтолгон материалдардын жана далил буюмдардын негизинде акча таркаткан Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну Х.Н. жана 23 жаштагы Т.Ж кармалып, тергѳѳ иштери улантылууда.

Акча таркаткан 26 жаштагы Х.Ндин аталган партияга кандай тиешеси бардыгы боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

518