7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто эки бөлөк үлпөт тойдун коноктору мушташып, 8 жаран кармалды

189

Ошто жаштардын ортосундагы жаңжал массалык мушташка айланды. Алдын ала маалымат боюнча, окуя 23-сентябрда саат 15:30 чамасында Токтогул сейил багындагы «Изюм» ресторанында болгон.

Тартипти сактоо үчүн окуя болгон жерге шаардык милиция кызматкерлери жана атайын бөлүм барган. Жаңжалдын 2001 жана 2002-жылы туулган 8 катышуучусу кармалган. Алардын өздүгүн тактоо үчүн Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө жеткирилген.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алгач эки башка үйлөнүү үлпөт тоюна келген коноктордун ортосунда оозеки чатак чыгып, кийинчерээк мушташууга чейин жеткен. Окуяга күбө болгондор бир жаран эсин жоготконун айтышуу.

24-сентябрда шаардык ички иштер башкармалыгы мушташтын эң активдүү үч катышуучусу 24 саатка убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирди. Баарына Кылмыш-жаза кодексинин “майда бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалгандардын ар бирине 20 миң сомдон айып салынды. Отчеттор бекитүү үчүн шаардык сотко жөнөтүлдү.

Жаңжалдын катышуучулары бири-бирине арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.

190