7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө 12,6 кг салмакта баңгизат сатып жаткан жаран кармалды

342

2025-жылдын 19-сентябрында кара куурай сабагын 70 миң сомго өзгөчө ири өлчөмдө сатуу аракетинде Т.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын жашаган жеринен кара куурайдын чайыры түрүндөгү баңги каражаттары, баңги каражаттарды кол өнөрчүлүк жол менен даярдоо боюнча буюмдар жана шаймандар, ошондой эле эч кандай уруксат берүүчү документтери жок ок-дарылар табылып алынган. Алынган баңги заттардын жалпы салмагы 12,6 кг түздү.

“Т.А.га карата Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган. Тергөө иштери жүрүп жатат. КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо иштерин улантууда”, — деп берилет маалыматта.

343