«Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багыты боюнча эл аралык наркоканалды уюштурган Ош облусунун айрым жашоочуларынан турган эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердиги аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирет.
5-февралда жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында эки жаран кармалган. Ж.Х.Х.нын үйүн тинтүү учурунда. 9 кг 793 гр салмактагы 10 брикет «Афган Чарс» баңгизаты жана 1 кг белгисиз синтетикалык заттын 1 брикети табылган.
Учурда аталган белгисиз заттын баңгизат экенин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, К.И.А.нын үйүндө салмагы 133,99 граммды түзгөн «Афган Чарс» баңгизатынын 1 брикети табылган.
Уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрүнө карата Ош шаардык соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча айып тагылып, УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иштерди улантууда.