7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Эсептөө палатасынын бир айлык аудити башталды

194

Бүгүн Ош шаарына Эсептөө палатасынан аудит тобу келди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Алар бир айда Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2024-жылдагы бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүшөт.

Ушуга байланыштуу Ош шаарынын мэринин орун басары Адилет Шаршеналы уулунун, Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусттары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Жумабаевдин жана шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.

Жыйында жооптуу жетекчилерге аудит жүргүзүп жаткан кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратпоо, коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болуу жана бардык аракеттерди мыйзам чегинде аткаруу боюнча эскертүүлөр берилди.

195