7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келиндин балдары кимдин камкордугунда?

253

26-май күнү Өзгөн районунун Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин 38 жаштагы аял Кара-Кулжа районунун Сай айылында атып өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары жолдошу кармалган.

«Турмуш» басылмасы Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Бөкөтаевага шилтеме берүү менен маркумдун 5 баласы учурда кайын эжесинин камкордугуна берилгенин жазды.

«Балдарды интернатка жайгаштыруу боюнча социалдык тармактарда көптөгөн маалыматтар тарап жатат. Бирок бул балдарды интернатка жайгаштырууга эч кандай негиз жок. Камкордукка ала турган жакын туугандары бар. Азыр мындай маалыматтарга этият мамиле кылуубуз керек. Балдардын баары интернетке кире алышат, жана бул маалыматтар аларга психологиялык жактан оор тийиши мүмкүн. Коомчулуктан суранат элем — бул балдар эч кимге муктаж эмес. Жакшы жашаган үй-бүлөнүн балдары.

Атасы кармалган күндөн баштап, балдарды убактылуу камкордугуна бир тууган эжеси алган. Ал азыр да ошол эле үйдө жашап, балдарды карап жатат. Биз атайын Бишкектен психологдорду чакырдык, бүгүн келип балдар менен иш алып барышат. Балдарга азыр психологиялык жардам гана керек. Психологиялык жардам алынгандан кийин, балдар өздөрү камкорчуну тандашат. Бул үй-бүлө көзөмөлгө алынуучу үй-бүлө эмес болчу. Жакшы жашаган үй-бүлө эле», — деген Бөкөтаева.

254