ӨКМден билдиришкендей, кечээ, 25-апрелде Ош шаарынын Аношина көчөсүндөгү турак үйдүн алдынан Яккалик каналына белгисиз адам түшүп кеткен.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, каналдагы суунун деңгээли жогору болгондуктан, издөө иши убактылуу токтотулган.
Бүгүн таң эрте издөө-куткаруу иштерине 7 куткаруучу тартылып, натыйжасында 35-40 жаштагы славян түспөлүндөгү адамдын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.