7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн бир катар көчөлөр ишке берилди

135

Ош шаарында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн бир катар көчөлөрдүн ачылыш аземи болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чараларга Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мэрдин тапшырмасы боюнча шаардык оорукана жанындагы Монуев көчөсүнөн Мадумаров көчөсүнө чейинки бөлүк соода түйүндөрүнөн жана каналдын коргоо аймагындагы мыйзамсыз курулуштардан тазаланып, эки тилкелүү жолго чейин кеңейтилди жана асфальт төшөлдү. Бул жерге унаа токтотуучу жайлар да уюштурулду. Ошондой эле «БЭМАН» медициналык-диагностикалык борбору мэриянын карамагына өткөрүлүп, расмий түрдө ачылды.

Ал эми Гагарин көчөсү (мурдагы Демократ көчөсү) Жумабаев көчөсүнөн Мадумаров көчөсүнө чейинки бөлүктө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

Мындан сырткары, Шамшиев көчөсү Абдуллаев көчөсүнөн Шакиров көчөсүнө чейин жаңыланды.

Белгиленгендей, аталган эки көчөдө тең жаңы асфальт төшөлүп, тротуарлар, ирригациялык арыктар орнотулуп, жашыл зоналар уюштурулду.

Мэр Жеңишбек Токторбаев жазында жүргүзүлгөн рейд учурунда ушул көчөлөрдүн оңдолушун тездетүү тапшырмасын бергенин эске салды. Бул иштер шаардагы унаа агымын азайтууга багытталган.

Мындан тышкары, Достук көчөсүнүн №49 бөлүгү — Атабаев көчөсүнөн Санкт-Петербург көчөсүнө чейин толугу менен асфальтталып, тротуарлар, ирригациялык системалар, жашыл зона менен камсыздалды.

Ошондой эле Раззаков көчөсүнүн Масалиев проспектисинен темир жол өткөөлүнө чейинки бөлүгү оңдолду. Жалпысынан жолдун жана тротуарлардын узундугу 3 чакырымга жакын, ал эми жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 28 метрди түздү.

Шаар тургундары жаңыдан оңдолгон көчөлөрдү мэр менен бирге кыдырып чыгышып, транспорттук инфраструктуранын жаңыртылышы тыгындарды азайтуу жана шаардагы жашоо шартынын жакшырышына чоң салым кошорун белгилешти.

136