Ош шаарында катталган үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу окуянын чоо-жайы аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, бүгүн саат 05.00 чамасында Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнын НБнө 103 тез жардам кызматынан кабар келип түшкөн.
Анда, 2026-жылдын 24-январь күнү саат 05:00 чамасында, Ош шаары У.Салиева көчөсүнүн тургуну 1999-жылы туулган Б.Г. аттуу аялды күйөөсү уруп денесинен жаракат алып ооруканага жеткирилгендиги кабарланган.
“Милиция кызматкерлери тарабынан анын 1994-жылы туулган күйөөсү кармалып, тергөө кызматына камсыз болду. Ал мас абалында болгон. Учурда тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат. Атайын экспертизалар дайындалат. Айрым интернет булактары, маалымат агенттиктери тарабынан жабырлануучу аялды «күйөөсү бычактап койгондугу» тууралуу айтылып, чындыкка туура келбеген маалыматтар таркатылды. Бычакталган эмес.Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, жабырлануучу аял күйөөсүнөн качып баратып жыгылып, денелери жабыркаган. Учурда ооруканада. Дарыгерлердин маалыматына караганда абалы канааттандырарлык. Тергөө ишинин жүрүшүндө аныкталган жаңы жагдайлар боюнча кошумча маалымат беребиз. Күйөөсүнүн мыйзамсыз аракеттерине сөзсүз тиешелүү юридикалык баа берилет”, — деп жазылат маалыматта.



